18 май 2026
Кароолор: (3)
Коррупцияга каршы аракеттенүү
2026-жылдын 15-майында Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Майлуу-Суу шаардык башкармалыгынын жамаатына коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик стратегия бекитилген.
Баяндамада коррупция кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылык үчүн мыйзамсыз пайда табуу экендиги, анын мамлекеттин өнүгүүсүнө жана жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимине терс таасир тийгизери белгиленди.
Прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, кызматтык этиканы сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана коррупциянын алдын алуу боюнча иштер күчөтүлүп жатканы айтылды.
Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин Этика кодексин сактоосу өзгөчө көзөмөлдө болуп, ар бир мамлекеттик органда этика боюнча комиссиялар иш алып барары белгиленди.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, мындай кылмыштарды жасаган адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды өмүр бою ээлөөгө тыюу салынганы маалымдалды. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, айып жазасы алынып салынып, эркинен ажыратуу чаралары күчөтүлгөнү, ошондой эле коррупциялык кылмыштар боюнча соттолгон же иши реабилитацияланбаган негизде токтотулган жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө чектөөлөр киргизилгени эскертилди.
Жыйынтыгында, коррупцияга каршы күрөш жалпы коомдун милдети экендиги, мыйзамдуулук, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик принциптерин сактоо аркылуу гана адилет коом курууга мүмкүн экени белгиленди