31 март 2026
Кароолор: (9)
“Кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат”
Жалал-Абад областынын прокурору Т.К.Ишеналиев тарабынан бекитилген “2026-жылдын февраль, март, апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу” графигин жана 04.03.2026-жылдагы балдар арасындагы кылмыштуулукту, укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулуктарды алдын алуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруу максатында
Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен, Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Майлуу-Суу ШИИБ жана шаардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирге.
Аталган иш-мерчемди аткарууда, Майлуу-Суу шаарынын билим берүү орто мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучулары, мугалимдери жана ата-энелер комитеттери менен жоолугушу өткөзүлдү.
Жолугушуу, Майлуу-Суу шаарынын прокурору А.Назарбеков, шаардын орун басары Н.Абдиганиев
Жоолугушууда, “Кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” деген аталышта, балдардын кылмыш жоопкерчилиги кайсыл жаш курагынан башталаары, укук бузуучулуктун алдын алуу, наркотикалык заттардын ден-соолукка берген таасири жана аны колдонуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаары, буулингке жол бербөө, эрте никеге туруунун кесепеттери, үй-бүлөөлүк зомбулукту жашырбоо, кибер кылмыштуулукка жол бербөө, жол эрежелерин сактоо, өз өмүрүнө кол салуунун (суицид) кесепеттери жана ага мажбурлоонун жоопкерчиликтери боюнча жөнөкөй тил менен баяндамалар айтылды.
Ошондой эле, “Тагдырды өзгөрткөн бир кадам” жана “Наркотикалык зат”, “Кибер кылмыштуулук” аттуу кыска видео тасмалар көрсөтүлүп, пикир алмашуу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, шаардын №8 билим берүү орто мектептебинин окуучулар тарабынан, дайындалган “Үй-бүлөөлүк зомбулуктан жабыр тарткан эне-бала”, “Үй-бүлөөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аял” жана “Мектептеги буллингтин жана үй-бүлөөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жаш өспүрүм кыздын өз өмүрүнө кол салуусу” аталыштагы театрлаштырылган спектакльдер тартууланып, көрүүчүлөргө спектакльдеги окуяларга аянычтуу, өкүнүчтүү таасирлер калтырылып кол чабуулар менен коштолуп турду.
Жыйынтыгында, шаардын прокурору тарабынан, кызыктуу суроо-жоопторго активдүү катышкан окуучуларга кызыктыруучу белектер берилди.