03 март 2025
Кароолор: (10)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүн белгилөө
2025-жылдын 3-мартында мэриянын алдында мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Шаардын мэринин орун басары, шаардын прокурору, ички иштер бөлүмүнүн башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Желек- бул мамлекеттик символ, элдин-эл, журттун-журт экендигинин ыйык белгиси. Мекени жок эл болбогон сыяктуу, желеги жок мамлекет болбойт. Желегибиз бийик желбиресе, Мекенге болгон сүйүү сезимибиз артат, атуулдук ариетибиз, ар намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турарын билип, аны ар дайым урматтайлы. Элдин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик тууну бийик кармоого чакырып кетти. Доклад окулуп, Туу көтөрүү аземи салтанаттуу түрдө белгиленди.

