18 август 2025
Кароолор: (4)
Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясында 2025-жылдын 12-августунда жыйын болуп, төмөнкү маселелер талкууланды.
1. КРнын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 24-июлундагы №144-б “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы №417 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу;
2. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, зордук зомбулуктун, өз өмүрүн кыюунун алдын алуу, ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы туура тарбиялоо жөнүндө;
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Жарлыгынын аткарылышы;
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрпадаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы.
Жыйынга Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Аксакалдар Кеңеши, Аялдар Кеңеши жана коомчулук катышты. Коюлган маселелер боюнча катышуучулардын ар биринин сунуштары талкууланып, биргеликте иш алып баруу боюнча тапшырмалар коюлду.

