03 апрель 2024

Кароолор: (1)

Майлуу-Суу шаарында "Аялдарды колдоо,жамааттарды колдоо" долбоорунун ачуу аземи болуп өттү.

24-жылдын 3-апрелинде Майлуу-Суу шаарынын жаштар борборунда "Аялдарды колдоо, жамааттарды колдоо" долбоорунун негизинде "Ишкерлер Кеңешинин" Коомдук фондунун колдоосу менен Майлуу-Суу демилгеси фондунун ачуу аземи болуп өттү. Шаар аймагындагы кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү багытында СММ, IT адистигине жана кондитер азыктарын бышыруучу курстары ачылды.
   Ачылуу аземине шаардын мэри Н.Умаров жана мекеме уюмдарынын жетекчилери, Аксакалдар Кеңешинин төрагасы, окуу жайлардын жетекчилери, студенттери жана шаар аймагындагы кыз-келиндер, аялдар кеңешинин мүчөөлөрү катышышты. Коомдун ишмердүүлүгү боюнча иш алып баруу шаардык Кеңештин депутаты Г.Сарбашевага жүктөлөт.