20 апрель 2024
Кароолор: (9)
Майлуу-Суу шаарында "Улуттук тазалык куну" өткөрүлдү.
2024-жылдын 20-апрель Майлуу-Суу шаары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында "Улуттук тазалык күнү" өткөрүлдү. Аталган тазалык күнүнө менчигинин түрүнө карабастан, шаардагы баардык мекеме-уюмдардын, ишканалардын, мамлекетик жана муниципалдык кызматтын жамааттары жана шаар тургундары активдүү катышышты. Жалпысынан 1250 адам катышып 3412 кг таштанды жыйналып чыгарылып, анын ичинде 800кг полиэтилен пластик кутучалары (ПЭТ), 112 кг айнек жана 500 кг макулатура, картон таштандылары болгон. 7,5 км арык, дренаждык курулмалар тазаланды.


