16 май 2024
Кароолор: (4)
Майлуу-Суу шаарында "Жылдын мыкты мугалими - 2024" сынагы болуп өттү.
29-апрель 2024-жылы Майлуу-Суу шаарында "Жылдын мыкты мугалими - 2024" сынагы болуп өттү.
Билим берүү уюмдарынын педогогикалык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө,
билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык
кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн
артыкчылыктарын бекитүү максатында ар жылда өтүүчү "Жылдын мыкты мугалими"
сынагы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
1.А.А.Шавкановага - мыкты химия мугалими
2.Р.К.Шамшиевага- башталгыч класстардын мыкты мугалими.
3.Ж.Ж.Абдыкалыковага-аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалими
4.И.Ю.Цивилева- мыкты физика мугалими
5.Н.С.Жээнбековага- мыкты математика мугалими
6.Ж.А.Ирсалиевага-
мыкты биология мугалими номинациясына ээ болушту.
И.Ю.Цивилева- мыкты физика мугалими, А.А.Шавкановага - мыкты химия мугалими облустук турга жолдомо алышты.
2024-жылдын 16-майында "Жылдын мыкты мугалими 2024" жыйынтыктоо аземине:
-Шаардын мэри Н.Умаров,
-Шаардык кеңештин төрагасы Н.Бостонов,
-Шаардык кеңештин депутаты Т.Малабеков,
-Мэриянын социалдык маселелер боюнча бөлүм башчы Ч.Масурова,
-Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Балтабаева,
-Шаардык билим берүү бөлүмүнүн кесиптик бирдигинин төрайымы Э.С.Эгембердиева жана жалпы билим берүү орто мектептеринин жетекчилери, мугалимдери катышышты.
Биздин мыкты мугалим эжелерге талыкпаган эмгек, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!