03 июнь 2024
Кароолор: (5)
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан 2024-жылдын 20-майында № 01-27-167 сандуу буйругу чыгарылып, 2024- жылдын 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата шаардык эс алуу паркында иш чара өткөрүлдү. Концерттик программа, спорттук оюндар уюштурулду.
Шаардын мэри Н.Умаров балдарды куттуктап, иш чара жогорку деңгээлде белгиленди.
ДМЧА, тоголок , жарым жетим, аз камсыз болгон уй бүлөлөрдүн балдарына, жалпы балдарга, концерттик программага катышкан балдарга белектер берилип, демөөрчү тарабынан бекер балмуздактар таркатылды.