18 август 2025
Кароолор: (4)
Майлуу-Суу шаарында М.Сыдыков көчөсүндөгү N6 ,,Жоогазын" бала бакчанын ачылышы болуп өттү.
Майлуу-Суу шаарында кайтарылган бала бакчанын ачылышы болду.
2025-жылдын 7-августунда М.Сыдыков көчөсүндөгү N6 ,,Жоогазын" бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Ачылышка Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев жана мекеме - ишканалардын, уюмдардын жетекчилери катышты.
2023- жылы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн дем берүүчү грант аркылуу кайтарылган бала бакчанын имаратын ондоо- түзөө иштери башталган. Имараттын чатыры толугу менен алмаштырылды, инженердик коммуникациялары жаңыланды, бөлмөлөр толугу менен ремонттолду.
Сырткы фасадын оңдоого демөөрчүлөр чоң салымын кошуп, шаардын мэри тарабынан сыйланышты. Эмерек, тиричилик техника жана керектелүүчү чарба буюмдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алынды.
Бүгүнкү күндө бала бакчага 115 бала кабыл алынып, бала бакча толук кандуу ишин баштады.
Учурда шаар боюнча 8 бала бакча иштеп жатат, мындан тышкары кайтарылган 3 бала бакчада ремонт иштери кызуу жүрүп жатат, ,,Гнездышко" бала бакчасында кошумча 3 тайпа ачууга ремонт иштери башталды.


