04 август 2025

Кароолор: (5)

Майлуу-Суу шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда

Майлуу-Суу шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №ПЖ-109 Жарлыгына жана Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Т. Жумаевдин тапшырмасына ылайык, шаар аймагында мыйзамсыз курулуштарга жана тосмолорго каршы иштер жүргүзүлүүдө.

📍 Саматова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары тарабынан автоунаа өтүүчү жолдун кызыл сызыгына кирип кеткен, өз алдынча тосулган мыйзамсыз курулуштар мэриянын атайын комиссиясынын катышуусунда алынууда.

✅ Бул иш-чаралар:
– жол тармагын кеңейтүү,
– шаар коопсуздугун камсыз кылуу,
– жана пландуу өнүгүүгө шарт түзүү максатында жүргүзүлдү.

📣 Майлуу-Суу шаарынын мэриясы шаар тургундарын мыйзамдуулукту сактоого жана шаардык эрежелерди бузбоого чакырат.

🛑 Шаар тартип менен өнүгөт!

#МайлууСуу #МэрияЖаңылыктары #МыйзамсызКурулуш #Тартип #КоопсузШаар #ЖолКеңейтүү #ШаарӨнүгүүдө #АймактыкТазалоо