21 ноябрь 2024
Кароолор: (5)
Майлуу-Суу шаарында үч сааттык бала бакча ачылды
Бүгүн 2024-жылдын 21-ноябрында Майлуу-Суу шаарында ,,Келечек үчүн билим берүү" 3 сааттык кыска мөөнөттүү 2 бала бакчаны ачуу аземи болуп өттү.
Аталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ,,Дүйнөлүк Банктын" каржылык колдоосу менен биздин шаарыбызда да ишке ашырылды.
Мэрия тарабынан сунушталган имараттар долбоор аркылуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, балдарга санитардык- гигиеналык жана башка шарттар түзүлдү. Бала бакчалар окутуу, өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчалары менен камсыздалды. Азыркы учурда бала бакчалар балдарды кабыл алып, ишин башташты.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясы КР Билим берүү жана илим министрлигине терең ыразычылык билдирет.


