17 апрель 2024
Кароолор: (1)
Майлуу-Суу шаарында Жалал-Абад областынын "Мектеп лигасы" жеңил атлетикасынын ачылышы болуп өттү.
Майлуу-Суу шаарында 2024-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын “Мектеп лигасы” жеңил атлетикасынын ачылышы болуп өттү.
Жеңил атлетиканын 3 түрү:
1)Эстафета 2 бала жана 2 кыз арасында.
2)1500 метрге жүгүрүү.
3)800 метрге жүгүрүү боюнча болуп өттү.
Ачылышка катышкандар;
-Жалал-Абад областынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Н.Рустамов.
-Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Умаров.
-Майлуу-Суу шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси М.Мисиров.
Ага 7 команда катышып. Алар Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Токтогул, Ноокен, Алабука, Чаткал, Аксы район, шаарларынан келишти.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт депортаментинин атынан "Дене тарбия жана спорттун отличниги" наамы Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Умаровко ыйгарылды. Ошол эле Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы менен Майлуу-Суу шаарынын Балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу А.Бектенов жана Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин улуттук күрөш боюнча машыктыруучусу А.Ташматов сыйланышты.