04 август 2025
Кароолор: (4)
Майлуу-Суу шаарынын аймагында санитардык-тазалыкты камсыздоо максатында жалпы ишембилик өткөрүлдү
2025-жылдын 1-2 - август күндөрү Майлуу-Суу шаарынын аймагында санитардык-тазалыкты камсыздоо максатында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Ишембилик алкагында айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандылардан арылтуу, жол жээктерин ирээтке келтирүү, ошондой эле коомдук жайларды, парктарды, скверлерди жана мекеме-уюмдардын айланасын иретке келтирүү жумуштары жүргүзүлдү.


