06 август 2025
Кароолор: (5)
Майлуу-Суу шаарынын мэри А. Жумаев шаарды өнүктүрүү иш чаралар планынын негизинде жүрүп жаткан курулуш жана оңдоо-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты
Майлуу-Суу шаарынын мэри А. Жумаев шаарды өнүктүрүү иш чаралар планынын негизинде жүрүп жаткан курулуш жана оңдоо-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, иштин сапатына көңүл буруп, кеткен кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча подрядчы уюмдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.
2025-жылда шаарды өнүктүрүү иш чаралар программасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №140 тескемесине ылайык, Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүүгө 100 000 000 (бир жүз миллион) сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул каражат 2025-жылга карата аткарыла турган иш-чаралар планынын алкагында пайдаланылууда.
Учурда шаар аймагында бир нече объектилерде оңдоп-түзөө жана жол куруу иштери башталды.
Атап айтканда:
Жусупова көчөсү – Жалпы узундугу 600 метр болгон автоунаа жолго асфальт төшөө иштери “Нуркелди” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Зябчук көчөсү – Жалпы узундугу 700 метр болгон жолго асфальт төшөө жана жөө жүргүнчүлөр үчүн таш таман төшөө иштери “Нуркелди” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.
Көк-Ой (Жилпоселок) көчөсү – Жалпы узундугу 1100 метр болгон автоунаа жолго асфальт төшөө иштери “Архстрой ЛТД” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Советтик Армия жана З. Кутманова көчөлөрү – Жалпы узундугу 1800 метр болгон жөө жүрүүчүлөр үчүн жолго таш таман төшөө иштери “Нуркелди” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө подрядчы уюмдар тарабынан автоунаа жолдорду жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдорду асфальт жана таш таман төшөөгө алдын ала даярдоо иштери активдүү жүрүүдө.


