05 август 2025

Кароолор: (5)

Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев жарандарды жеке кабыл алууну улантууда

Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев жарандарды жеке кабыл алууну улантууда

Бүгүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын коомдук кабылдамасында шаардын мэри А.Жумаев белгиленген графикке ылайык жарандарды жеке кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда шаар тургундары турак жай, жер бөлүп берүү жана мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу көйгөйлөрүн көтөрүштү. Шаар башчысы ар бир кайрылууну кылдат карап чыгып, маселелерди чечүү жолдорун түшүндүрүп, тиешелүү жетекчилерге так тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн:
- Шаардын мэри А.Жумаев —  шейшемби жана бейшемби, саат 10:00–12:00
- Мэрдин орун басары Н.Абдиганиев —  дүйшөмбү жана шаршемби, саат 10:00–12:00
- Мэриянын аппарат жетекчиси Р.Султанбаев — жума күнү, саат 10:00–12:00

Байланыш:
☎ (03744) 5-27-10
📞 Кыска номер: 185