05 август 2025

Кароолор: (6)

Майлуу-Суу шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин кезектеги эл менен жолугушуусу.

      Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 29-майындагы чыгыш №20-4720 сандуу  тапшырмасына ылайык 2025-жылдын II жарым жылдыгына карата түзүлгөн эл менен жолугушуу графигинин негизинде  2025-жылдын  25-июлунда Көк-Таш айылынын Южный, Советский, Доминов, Садовый, Транспортный жана башка көчөлөрүнүн тургундары менен жолугушту. 
Жолугушууда таза суу маселеси, жолдорго асфальт төшөө, балдар ойноочу аянтчалар жана көчөлөрдү жарыктандыруу сыяктуу бир катар көйгөйлөр талкууланып, тургундар тарабынан               сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө шаардын мэри учурда шаар аймагында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди, ал эми мекеме-ишканалардын жетекчилери өз тармагына тиешелүү  маалыматтар жана сунуштар менен тааныштырышты.      
Мэрдин эл менен жолугушуусунун максаттары жарандардын негизги көйгөйлөрүн аныктоо, көрктөндүрүү, транспорт, экология, коопсуздук, турак-жай, коммуналдык чарба жана башка тармактар боюнча баарлашуу, шаардын инфра-түзүмүн жакшыртууга багытталган сунуштарды жана демилгелерди чогултуу болуп эсептелет. Ошондой эле өз алдынча жергиликтүү органынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ишенимди бекемдөө жана жергиликтүү өз алдынча органы менен жарандардын ортосунда натыйжалуу байланышты түзүү болуп эсептелет. 
      

    25 июля 2025 года мэр города Майлуу-Суу А.Жумаев провёл встречу с жителями улиц Южная, Советская, Доминова, Садовая, Транспортная села Көк-Таш. Встреча прошла в рамках графика встреч с населением на II полугодие 2025 года, составленного согласно поручению Администрации Президента Кыргызской Республики от 29 мая 2024 года  №20-4720.
Во время встречи были обсуждены важные вопросы, интересующие местных жителей: обеспечение чистой питьевой водой, асфальтирование дорог, установка детских игровых площадок и уличное освещение. Жители активно делились своими предложениями и замечаниями.
Мэр рассказал о текущих работах, проводимых на территории города, а руководители предприятий и организаций представили информацию и предложения по своим направлениям.
Главная цель таких встреч — выявление насущных проблем граждан, обсуждение вопросов благоустройства, транспорта, экологии, безопасности, жилищно-коммунального хозяйства, а также сбор предложений и инициатив, направленных на улучшение городской инфраструктуры. Кроме того, встречи способствуют повышению прозрачности деятельности органов местного самоуправления, укреплению доверия и эффективному взаимодействию между властью и жителями.