24 июль 2025

Кароолор: (4)

Майлуу-Суу шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин Көк-Таш аймагынын эли менен откөрүлө турган жолугушусу жөнүндө

Сиздерди шаардын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратович менен жолугушууга чакырабыз. Жолугушуу 2025-жылдын  25-июлунда саат 17:00дө Көк-Таш аймагынын (Южный, Советский, Доминов, Садовый, Транспортный жана башка көчөлөрүнүн) тургундары менен өткөрүлөт. Өткөрүлүүчү жай: №7 жалпы билим берүү орто мектебинин асты.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаардын мэри тарабынан 2025-жылда шаар аймагында аткарыла турган жумуштар тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле сиздерди кызыктырган суроолорду жана учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, шаарды өнүктүрүү боюнча өз ой-пикириңиздерди сунуштай аласыздар.  
Сиздин пикириңиз маанилүү! Бардык кызыкдар жарандарды күтөбүз.