01 июль 2025
Кароолор: (3)
Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата эл менен жолугушуу графигинин негизинде
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 29-майындагы чыгыш №20-4720 сандуу тапшырмасына ылайык Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата эл менен жолугушуу графигинин негизинде 2025-жылдын 20-июнунда Майлуу-Суу шаарынын мэри Юнусалиев, Саматов, Набережный, Строительныйя, Пролетарский жана башка көчөлөрүнүн тургундары менен жолугушту. Жолугушууга шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аталган көчөлөрдүн тургундары катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө шаардын мэри тарабынан 2025-жылда шаар аймагында аткарыла турган жумуштар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле тургундар тарабынан бир нече көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Айтылган көйгөйлөрдүн жана сунуштардын негизинде иш-чара түзүлүп, тиешелүү мекеме-ишканаларга аткаруу үчүн протоколдук тапшырмалар берилди. Ай сайын иш-чаранын мөөнөнөтүндө көрсөтүлгөн жумуштардын аткарылышы көзөмөлдөнөт жана маалымат алынат.


