24 июль 2025
Кароолор: (4)
Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2025-жылдын 2-жарым жылдыгына түзүлгөн эл менен жолугушуу графиги
Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 29-майындагы чыгыш № 20-4720 сандуу "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары айына бир жолу эл менен жолугушуу өткөрүү" тапшырмасын аткаруу максатында 2025-жылдын 2-жарым жылдыгына карата эл менен жолугушуу графиги түзүлүп, бекитилген. Мэрдин эл менен жолугушуусунун максаттары жарандардын негизги көйгөйлөрүн аныктоо, көрктөндүрүү, транспорт, экология, коопсуздук, турак-жай, коммуналдык чарба жана башка тармактар боюнча баарлашуу, шаардын инфра-түзүмүн жакшыртууга багытталган сунуштарды жана демилгелерди чогултуу болуп эсептелет. Ошондой эле өз алдынча жергиликтүү органынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ишенимди бекемдөө жана мэрия менен жарандардын ортосунда натыйжалуу байланышты түзүү.
