19 июнь 2025

Кароолор: (2)

Майлуу-Суу шаарынын мэринин кезектеги эл менен өткөрүлө турган жолугушуусу

Сиздерди шаардын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратович менен жолугушууга чакырабыз. Жолугушуу 2025-жылдын  20-июнунда саат 17:00дө 3-участоктун (Юнусалиев, Саматов, Набережный, Строительный, Пролетарский жана башка көчөлөрүнүн) тургундары менен өткөрүлөт. Өткөрүлүүчү жай: Саматов көчөсүнүн №1, №2 үйлөрүнүн жаны.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаардын мэри тарабынан 2025-жылда шаар аймагында аткарыла турган жумуштар тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле сиздерди кызыктырган суроолорду жана учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, шаарды өнүктүрүү боюнча өз ой-пикириңиздерди сунуштай аласыздар.  

Сиздин пикириңиз маанилүү! Бардык кызыкдар жарандарды күтөбүз.