04 август 2025

Кароолор: (4)

Майлуу-Суу шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын өткөрүлдү 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча

2025-жылдын 31-июлунда Майлуу-Суу шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын өткөрүлүп, анда шаардын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, ошондой эле "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" КР Мыйзамынын жана жогорку органдардын чечимдеринин аткарылышы боюнча маселелер каралды.

Жыйынга КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Н.Эрматов, Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев, коллегия мүчөлөрү, шаардагы мекеме-ишкана жана окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 6 айлык иштердин жыйынтыгы талданып, көйгөйлөр, жетишкендиктер жана кетирилген кемчиликтер боюнча кенен маалымат берилип, тиешелүү тапшырмалар жүктөлдү. Ал эми мекеме, ишкана жана окуу жай жетекчилерине 9 айлык жыйынтыкка карата бардык көрсөткүчтөрдү толук жана сапаттуу аткаруу милдеттендирилди.