29 апрель 2024

Кароолор: (1)

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Алсак, бүгүн, 2024-жылдын 29-апрелинде, шаардын прокурору Эрнест Асакеев менен Борбордук Азия колледжинин (ЦАК) студенттеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын тарыхы жана анын бүгүнкү күндөгү ролу боюнча кеңири маалымат берүү максатында жолугушуу уюштурулду. 
Жыйындын жүрүшүндө шаардын прокурору Кара-кыргыз автономиялуу облусунун биринчи прокурору жана Кыргыз Республикасынын биринчи прокурору Таш Кудайбергенов, ошондой эле республиканын аймагында мыйзамдуулуктун бирдей сакталышына көзөмөлдү орнотуу тууралуу айтып берди. 
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Майлуу-Суу шаарынын сейил багына 48 түп көчөт, тактап айтканда, жаңгак жана карагайдын көчөттөрү отургузулган.