23 февраль 2026
Кароолор: (6)
МАРАТОРИЙ
Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январындагы 18 сандуу “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын талаптарын так жана бирдей аткарылышын камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө” 2026-жылдын 13-февралындагы 2-К сандуу көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын жыйындар залында ишкерлер менен жоолугушу өттү.
Жыйынга, Майлуу-Суу шаарынын вице мэри, Майлуу-Суу шаарынын салык кызматынын бөлүм башчысы, Майлуу-Суу шаарынын ИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси, Майлуу-Суу шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси жана Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы ишкерлер катышты.
Жыйында, прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-январындагы 18 сандуу “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө жарлыгы боюнча толук түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, ар бир айдын биринчи жумасынын бейшенби (4-күнү) күнү Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасында ишкерлерге карата ачык эшик уюштурулгандыгын жана ишкерлерге карата мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алыдын алуу боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын билдирилди.