04 август 2025

Кароолор: (5)

Мечиттер, намазканалар текшерилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 23-июлундагы №06-01/5150 сандуу катынын негизинде, шаар  аймагында жайгашкан мечиттерде, намазканаларда мыйзамсыз жашыруун уюштурулган медресе,  дин лагерлерин, светтик дин окутуу курстарын аныктоо  максатында Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жылдын  29-июлунда №210-б  сандуу буйругу чыгарылып, шаар аймагындагы мечиттерге текшерүү иштери жүргүзүлдү.  Жыйынтыгында  жашыруун, мыйзамсыз уюштурулган медресе,  дин лагерлери, светтик дин окутуу курстары аныкталган жок.
Шаар аймагында жайгашкан “Абдуллах ибн Масъуд” жана “Мадийнатул Мунавваро” мечиттеринде  Кыргыз Республикасынын  дин башкармалыгынын  Жалал-Абад облусунун мусулмандар  казыятынын атайын уруксат барагынын негизинде, КР мыйзамдарын сактоо менен   27 эркек бала  26 кыз балдар 3 сааттык окууларда (күндүзгү убакта) окуп жатышат.