19 август 2025

Кароолор: (6)

Мектепке даярдыктар боюнча жардам көрөсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүп жаткан ДРЕФ-вакцинация долбоорунун алкагында, «Кыргызстан Кызыл Ай коому» тарабынан 2025-жылдын 18-августунда, Майлуу-Суу шаарындагы тоголок жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ), аз камсыз болгон жана материалдык жардамга муктаж балдарга мектепке керек болгон мектеп куралдары тапшырылды. Майлуу-Суу шаарынын мэриясы Кыргызстан Кызыл Ай коомуна терең ыразычылык билдирет.