23 июль 2025
Кароолор: (4)
Мектептердин 2025-2026-окуу жылына даярдык көрүү
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 23-июлундагы «Комиссия түзүү жөнүндөгү” буйругунун негизинде, Майлуу-Суу шаарынын 7 жалпы билим берүү мектептеринин 2025-2026-жаңы окуу жылына жана күз-кыш мезгилине карата даярдыктарын, утурумдук ремонт иштерин текшерүү максатында Мэриянын социалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы, Мэриянын жетектөөчү адиси, шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси, Майлуу - Суу РЭТ ишканасынын кызматкери, КР ӨКМнин Майлуу-Суу бөлүмүнүн башчысы у.м.а, НРАОААжМСЭКБМ Майлуу-Суу бөлүмүнүн башкы дарыгери, Жылуулук ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жерине барып коюлган маселе боюнча текшерүү жүргүзүштү.


