26 декабрь 2024

Кароолор: (7)

Мэрдин балатысы жөнүндө

Майлуу-Суу шаарында 2024-жылдын 26-декабрында  Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын ,,Жаңы жыл майрамын өткөрүү жөнүндө" 2024-жылдын 15-декабрындагы N01-27-326 сандуу буйругунун негизинде, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, томолой жана жарым жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн мэрдин балатысы уюштурулду. Мэрдин балатысын уюштурууда N4 жалпы билим берүү мектебинин жамааты жана окуучулары көмөк көрсөтүштү. Балаты жогорку денгээлде өткөрүлүп,  балдарга мэриянын, ЖЧК ,,МС ЛЗ" ишканасынын жана демөөрчүлөрдүн белектери тартууланды. 
Майлуу-Суу шаарынын мэриясы балдарды келе жаткан 2025 - Жаңы жыл менен куттуктайт.