17 июнь 2025
Кароолор: (6)
Миграциядан кайтып келген адамдар боюнча маалыматтарды чогултуу
2021-2030-жылдарга карата Миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын 26-27-пункттарынын алкагында миграциядан кайтып келген адамдар боюнча маалымат топтоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 9-июнундагы №07/1-02/1-16/5734 сандуу кайрылуусунун негизинде, Майлуу-Суу шаарынын мэриясы жана шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан түзүлгөн комиссиянын курамы 2025-жылдын 12-июнунан тартып шаар аймагындагы үймө үй кыдыруу иштерин жүргүзүшүүдө.


