07 октябрь 2024

Кароолор: (4)

Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

2024-жылдын 3-октябрында маданият үйүндө мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Шаардык маданият үйүндө  иш-чаралар уюштурулуп, жалпы билим берүүчү  мектептердин ,окуу жайлардын мугалимдери  жана мектепке чейинки бала бакчалардын тарбиячылары катышты. Концерттик программа уюштурулуп, өз жумушунда  ийгилик жараткан жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымдары үчүн мугалимдерге, тарбиячыларга  сыйлыктар Мэрия тарабынан тапшырылды.Шаардын мекеме -уюмдардын, ишканалардын жетекчилери чакырылган, билим берүүнүн ардагерлери, студенттер,  ошондой эле мектеп окуучулары  иш-чарага активдүү катышты.