05 декабрь 2025
Кароолор: (1)
ОБСЕ
Майлуу-Суу шаарында 2025-жылдын 3-4 декабрында БУУнун өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен, ЖИК Программасынын колдоосу менен жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) колдоосу менен семинар - тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин максаты: Катышуучулардын ишкердик көндүмдөрүн чыңдоо, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана жергиликтүү жамааттардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, ошол эле учурда демилгелерди пландаштырууда жана ишке ашырууда социалдык-экономикалык тобокелдиктерди эске алууну жана гендердик инклюзивдик жана партисипативдик ыкманы колдонууну камсыздоо.
Тренингке жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, БӨУ/ЖКУ, жаңы баштаган жана иштеп жаткан ишкерлер, грант алуучулар, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.