21 февраль 2025

Кароолор: (4)

Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу

2025-жылдын 20-январында мэриянын кичи залында балдар арасындагы кылмыштуулуктун, зордук зомбулуктун жана укук 
бузуулардын алдын алуу боюнча  жыйын болуп өттү. Жыйын мэрия тарабынан уюштурулуп, катышкандар мэриянын жаштар иштери  боюнча жетектөөчу адиси А.Мунакова, шаардын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Ж.Шабданов,  Аялдар Кеңешинин төрайымы 
М. Умарова, ШИИБнүн башчысы Т. Сабырканов, ШБББнүн башчысы 
Ж. Балтабаева, ШЭСКМБнын башчысы А. Сагындыкова. Жыйын ата-энелер комитети, мектеп директорлору, окуу жайлардын өкүлдүрүнүн катышуусунда болуп өттү