14 июль 2025

Кароолор: (2)

Пробация кеңешинин отуруму

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 17- августундагы N01-27-226 сандуу буйругу менен,  ,,Пробация кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" буйругу чыгарылган. Кыргыз Республикасынын ,,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын ,,Пробация" жөнүндө" мыйзамынын 32- беренесин аткаруу максатында,  2025-жылдын   10- июлунда Майлуу-Суу шаарынын мэриясында  Пробация кеңешинин отуруму болуп өттү. 
Күн тартибинде каралган 3 маселе талкууланып, протоколдук тапшырмалар берилди.