16 июль 2025
Кароолор: (2)
Сары-Бээ, Көгөй айылдарына баруучу автоунаа жолу реконструкциялоо жана кеңейтүү
Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ, Көгөй айылдарына баруучу автоунаа жолу реконструкциялоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Мурда аталган жолдун аянты эки автоунаа бир мезгилде өтүүгө мүмкүн болгон эмес. Унаа жолу жалпысынан 2 метрге кеңейтилди.
Аталган жолдо шаар аймагына таза суу берүү түтүктөрү жайгашкан. Суу түтүктөрү Шаарсууканал мекемеси тарабынан жер алдынан жана кооптуу жерлерден казылып алынып кенейтилген жолдун четине коопсуз жерге көчүрүрүлдү


