18 март 2025
Кароолор: (5)
Шаардын мэри Артезианская Крупская Киевская Эшмамбетов көчөлөрүндөгү эл менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 29-майындагы чыгыш №20-4720 сандуу тапшырмасына ылайык Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата эл менен жолугушуу графиги түзүлгөн. Графиктин негизинде 2025-жылдын 14-мартында Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев Артезианская, Крупская, Киевская, Эшмамбетов жана башка жакынкы көчөлөрүнүн тургундары менен жолугушту. Жолугушууга шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аталган көчөлөрдүн тургундары катышышты. Жолугушууда тургундар тарабынан бир нече көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Айтылган көйгөйлөрдүн жана сунуштардын негизинде иш-чара түзүлүп, тиешелүү мекеме-ишканаларга аткаруу үчүн протоколдук тапшырмалар берилди. Ай сайын иш-чаранын мөөнөнөтүндө көрсөтүлгөн жумуштардын аткарылышы көзөмөлдөнөт жана маалымат алынат.


