22 апрель 2025

Кароолор: (8)

Шаардын тургундары жана активистер менен мэрдин жолугушуусу

  2025-жылдын 15-апрелиндеги социалдык тармактарда тараган Майлуу-Суу шаарындагы көйгөйлүү  маселелер: жол, таза суу, электр энергия, газ жана коррупция маселелери боюнча  айтылган сын-пикирлердин негизинде 2025-жылдын 18-апрелинде саат 15:00 дө Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын  имаратынын алдындагы аянтчада мэрия тарабынан жыйын уюштурулду. Жыйын шаардын тургундарынын жана коомдук активистеринин, ошондой эле шаардын мэринин, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү. Аталган көйгөйлөрдүн эң орчундуусу болуп эсептелген таза суу жана жол маселеси боюнча түшүндүрмө берилип, 2025-жылга киргизилген иш-мерчемдер тууралуу маалымат берилди.