14 ноябрь 2024

Кароолор: (8)

Сибир жарасынын очоктору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы ,,Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык колдоо боюнча эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук саламаттык сактоо жана калктын ден соолугу үчүн коркунуч жаратуучу карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды ташып келүүдөн, алып кирүүдөн жана жайылтуудан санитардык коргоо боюнча эпидемияга каршы иш -чараларды комплекстүү планын бекитүү жөнүндө" N691 токтомун аткаруу максатында Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан  сибир жарасынын 2 очогуна ремонт иштери жүргүзүлдү.  Аталган иш-чарага жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат каржыланды.  Ремонтун кабыл алуу боюнча комиссия курамы тарабынан 2024-жылдын 12-ноябрында текшерүү жүргүзүлдү.
Шаар аймагында сибир жарасынын 17 очогу катталган, жыл сайын жазгы, күзгү залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жана бузулган очокторго ремонт иштери жүргүзүлүп келет.