14 ноябрь 2024
Кароолор: (2)
Социалдык объектердин жылуулугун текшерүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-ноябрындагы №01-27-298 сандуу "Шаардын аймагына жылуулук берүү жөнүндө" буйругу чыгарылып, буйруктун негизинде, 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып шаарга жылуулук берилген.
2024-жылдын 13-ноябрында шаардын мэри Н. Умаров Майлуу-Суу шаардык Жылуулук ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жылуулугу боюнча текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн негизинде тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилерине кошумча тапшырмалар берилди.



