03 декабрь 2024

Кароолор: (5)

СПИДке каршы күрөшүү күнүн белгилөө

Майлуу-Суу шаарында калктын ден соолугун коргоо боюнча координациялык комиссиясынын ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу жана дүйнө жүзүндө  белгиленип келе жаткан   “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүн” белгилөө,  АИВ-СПИД илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу иштерин күчөтүү максатында 2024-жылдын      2-декабрында шаардык Маданият үйүндө  иш-чара болуп өттү.  Иш-чарага окуу жайдын студенттери  тарабынан  "Биз сергек жашоону тандайбыз"  жана башка ураандар арасында флешмобтор жана спорттук мелдештер  болуп өттү.  Иш-чарада  СПИД боюнча доклад окулуп,  студенттерге викториналык суроолор берилди. Викториналык суроолорго туура жооп берген студенттер белектер менен сыйланды.