23 июль 2025
Кароолор: (1)
Сыдыкова менен Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишинде жол боюнча жайгашкан мыйзамсыз курулуш жол коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жараткандыгына байланыштуу
Мыйзамсыз курулуш алынды!
📍 Сыдыкова менен Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишинде жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуш жол коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратканына байланыштуу…
🔧 Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссия жана техниканын катышуусунда мыйзамсыз курулма алынган!
📢 Мэрия эскертет:
Муниципалдык жер тилкелерди өз билемдик менен тосуп курууга тыюу салынат!
⚖️ Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 149-беренесине ылайык:
👤 Жеке жактарга — 300 эсептик көрсөткүч (30 000 сом)
🏢 Юридикалык жактарга — 1000 эсептик көрсөткүч (100 000 сом) айып пул каралган.
🤝 Урматтуу тургундар! Шаарыбыздын мыйзамдуу, таза жана коопсуз болушуна сиз да жооптуусуз!
#МайлууСуу #МэрияМаалымдайт #МыйзамсызКурулуш #ЖолКоопсуздугу #МыйзамСактайлы #МуниципалдыкЖер #Эскертүү





