25 январь 2024
Кароолор: (13)
үй бүлөгө кабыл алуу.
2024-жылдын 25-январында Майлуу-Суу шаарынын конференция залында үй бүлөлүк зордук зомбулуктун жана балдарга карата ырайымсыз мамиленин, укук бузуулардын алдын алуу боюнча тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столго Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары, шаардын прокурору, шаардын имам-хатиби, аялдар кенешинин торайымы, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын башчысы , шаардык ички иштер бөлүмүнуүн башчысынын орун басары, шаардык кенештин аппарат жетекчиси, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору, мектеп, окуу жайлардын социолог мугалимдери, турмуш шарты оор үй бүлөлөр жана жалпы кызматкерлер катышты.
Күн тартибинде ЭСКМ башкармалыгынын ишмердүүлүгү, үй бүлөдөгү зомбулук боюнча окуяны чагылдыруу, талкуу, сунуш киргизүү каралды.
Чакырылган турмуш шарты оор аялдардын көйгөй маселелери угулуп, жардам жана колдоо көрсөтүү, чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Маалымат катары айта кетсек 2023 -жылы шаар аймагында 18 үй бүлөлүк зордук зомбулук катталган , 2022- жылы 24 зомбулук катталган. Бул койгойдун алдын алуу боюнча көптөгөн түшүндүрү иштери, жолугушуулар болуп келет. Тегерек столду жыйынтыктап тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.


