07 октябрь 2024
Кароолор: (3)
Үй-бүлөлүк зордук -зомбулуктун алдын алуу
Майлуу-Суу шаарында 2024-жылдын 4-октябрында мэриянын конференция залында аялдардын ишкердүүлүгү жана аялдардын укутары, мүмкүнчүлүктөрү, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган тегерек стол өттү. Тегерек столго тиешелүү мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышты. Үй бүлө бул кичинекей мамлекет, коомдун күзгүсү, үй бүлөдө улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо жана эмгеке болгон мамилени бекемдөө , маданият байлыгыбызды барктоо, үй бүлөдөгү тынчтык, сый урмат эң кымбат экендиги жөнүндө жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Быйылкы жылы Шаардык ички иштер бөлүмүндө 9 айдын ичинде 22 үй бүлө зомбулук катталган.


