23 октябрь 2024

Кароолор: (3)

Улгайган карыяларды колдоо

2024-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин Майлуу-Суу шаарында улгайган жарандарды колдоо жана коргоо боюнча бир айлык акция болуп  өттү. Акциянын алкагында шаардын мэри Н.Умаров  улгайган карыялардын үйлөрүнө барып  колдоо көрсөттү. 
КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан  100 жашка чыккан 1 карыяга  акчалай жардам көрсөтүлдү.
Ал эми Майлуу -Суу шаарынын аймагындагы мекеме, уюмдар, ишканалар жана жеке ишкерлер тарабынан 190 000 сом акча каражаты шаар аймагындагы улгайган карыяларга материалдык жардам көрсөтүлдү. Карыяларга жардам жана колдоо боюнча иш аракеттер дагы да улантылып жатат.