26 ноябрь 2025

Кароолор: (1)

Уңгүжол

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын  2025-жылдын 10-ноябрындагы №24-12237 сандуу тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” жөнүндө Жарлыгын (мындан ары – Уңгужол) ишке ашыруунун алкагында шаар тургундарына аталган Жарлыктын мазмуну боюнча таанытуу үчүн  биздин шаарыбызга таанытым тобу келип 2025-жылдын 25-ноябрында Майлуу-Суу шаардык маданият үйүндө иш-чара уюштурулду.  Иш-чарага Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кызматкерлери, мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилери жамааты менен, окуу жайлардын студенттери жана шаар  тургундары, Аксакалдар, Аялдар Кеңештери катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү жана концерттик программа менен коштолду.