05 ноябрь 2025
Кароолор: (65)
Урматтуу Майлуу-Суу шаарынын тургундары!
Эми Сиздер ар бир ишкананын ишин QR-код аркылуу баалай аласыздар.
QR-код аркылуу баалоо — бул мамлекеттик жана башка органдардын көрсөткөн кызматтарынын сапатын жогорулатууга, ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана ишмердүүлүгүн эл тарабынан баалоого өбөлгө түзгөн ыңгайлуу система болуп саналат.
Ар бир мекеме-уюм жана ишканалардын имаратында жайгашкан QR-кодду сканерлөө аркылуу сиз кызматтын сапаты боюнча пикириңизди калтыра аласыз.
Маалымат үчүн байланыш номери: 0(3744) 5-27-10