19 май 2026

Кароолор: (2)

Жаңы дайындоо

 

Майлуу-Суу шаарынын мэринин 2026-жылдын 11-майындагы №45 буйругунун негизинде Алимбеков Абылбек Алтынбекович Майлуу-Суу шаардык “Тазалык” муниципалдык мекемесинин директору болуп дайындалды.

📌 Билими жана эмгек жолу:

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика жана гидроэнергетика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2022-жылы Майлуу-Суу шаардык мэриясынын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүндө адис болуп баштаган.

2023-жылдан тартып Көк-Таш аймактык башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

2025-жылдан тартып Майлуу-Суу шаардык “Тазалык” муниципалдык мекемесинде башкы инженер кызматын аркалап келген.