31 декабрь 2025
Кароолор: (1)
Жаны жылдык иш чара!
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 8-декабрындагы N352-б буйругунун негизинде, 2025-жылдын 30-декабрында Майлуу-Суу шаарында Жаңы жылдык иш чара уюштурулду.
2026-жылды тосуу майрамдык иш чара шаардык аянтта өткөрүлдү. Концерттик программа, оюн зооктор менен коштолду.
Шаардык мекеме ишкана уюмдарда эмгектенген алдыңкы кызматкерлер сыйланышты. Ошондой эле ,,Үлгүлүү жамаат” номинация менен медициналык колледж, ,,Мыкты мекеме” номинация менен РЭТ ишканасы, мыкты мугалим, мыкты окутуучу, мыкты медициналык кызматкер, мыкты спортчу жана башка номинациялар менен сыйланышты