31 декабрь 2024

Кароолор: (4)

Жаңы жылдык майрам

Саламатсыздарбы?!
Урматтуу  шаарыбыздын  тургундары  жана  коноктору!  Сиздерди  келе  жаткан  Жаӊы  2025-жылы  менен  чын  жүрөктөн   куттуктаймын!  Элибиз  айткандай,   «Жакшы  тилек   жарым  ырыс!» демекчи  Жаӊы  жылды  жакшы  тилектер  менен  жакшы  ой  максаттар  менен  тосолу!   Биз  жаӊы  кирип  келе  жаткан   2025-жыл жылан жылын  жакшы  үмүт,  аруу  тилек,  жана  бекем  ишеним  менен  тосуп  жатабыз.  Жаӊы  жыл,  шаарыбыздын  гүлдөп  өсүшүнө  жетишкен  ийгиликтердин  жылы  болооруна  ишенем.   Узап бараткан балык жылынын сапары карып жылан жылы босогодо турат.   Жаӊы   жылдык   майрам – бул    ар  бир  үй-бүлөнүн  «Үй  бүлөлүк  майрамы»,   айрыкча  жаш  балдарыбыз    чыдамсыздык  менен  күткөн  күн.   Мен  шаардык  мэриянын  жана  өзүмдүн  атымдан  ар  бир  үй  бүлөгө  ынтымак  ырашкерлик,  чыӊ  ден  соолук,  бакубат  жашоо,  тынчтык  каалайм!   Жаӊы жыл  өлкөбүзгө  туруктуулукту,  элибизге  токчулукту,  бакубат  жашоону,  ынтымакты  алып  келсин!  2025-жыл - жаңылануунун жана жагымдуу өзгөрүүлөрдүн жылы болсун! Шаарыбызга   дайым  биримдик,   ынтымак,   тынчтык  жана  кут  береке,   бакубатчылык   орносун!     Жаңы жылда жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттар орундалышына тилектешмин!  2025-жыл жалпы элибиз үчүн акжолтой жыл болсун! Ар бир үй-бүлө бакубатчылыкта, жетишкендикте жана бардарчылыкта жашасын!  Ак пейил,  аруу  тилектерибиз  кабыл  болсун!   Дагы  бир  жолу   Жаӊы  Жылыӊыздар  менен!