13 апрель 2026
Кароолор: (2)
Жарандарды кабыл алуу
Бүгүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын коомдук кабылдамасында шаар мэри А.Байгазиев бекитилген графикке ылайык жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда жарандар тарабынан турак жай, жер тилкесин бөлүп берүү, социалдык маселелер, ошондой эле көчөгө мурдагы аталышын кайтаруу боюнча кайрылуу катталды. Бардык кайрылуулар белгиленген тартипте каралып, тиешелүү жетекчилерге аткарууга милдеттендирилген тапшырмалар берилди.
🗓 Жарандарды кабыл алуу графиги:
Шаар мэри — ар дүйшөмбү, саат 10:00–12:00
Мэрдин орун басары — ар шаршемби, саат 10:00–12:00
Мэриянын аппарат жетекчиси — ар бейшемби, саат 10:00–12:00
📞 Байланыш телефондору:
03744 5-29-10
03744 5-27-10
Кыска номер: 185