24 апрель 2026
Кароолор: (5)
Жарандык коргоо
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2026-жылдын 29-январында кабыл алынган №20 Жарлыкка ылайык бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде, 2026-жылдын 22–24-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунда жарандык коргонуу абалына баалоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жана аны өткөрүү иш-чаралары уюштурулду.
Аталган иш-чаралардын алкагында Майлуу-Суу шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жарандык коргонуу кызматтарын текшерүү жана баалоо жүргүзүлдү.
Текшерүү иштери Полковник Айбек Салаватович Сатылганов жетекчилиги алдында өткөрүлүп, жарандык коргонуу тутумунун даярдыгы, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү, кызматтар аралык өз ара аракеттенүү деңгээли бааланды.
Иш-чаранын негизги максаты — өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу боюнча кызматтардын даярдык деңгээлин жогорулатуу жана практикалык көндүмдөрдү бекемдөө болуп саналат