12 июнь 2024
Кароолор: (1)
ЖАРЫЯ! 🔊🔊🔊
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2024-жылга карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын планынын алкагында, “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл: тарыхы жана азыркы учур” темадагы мыкты сүрөт🎨, видеоролик🎥 жана дил баян📜 боюнча сынак жарыяланып, старт алды.
Аталган сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары (жеке адамдар же чыгармачыл топтор) катыша алышат.
Катышуу үчүн сынактык иштерди 2024-жылдын 1-октябрына чейин аймактык прокуратура органдарына тапшыруу зарыл. Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар 🎁🎁🎁🥇🥈🥉 менен сыйланат.
Толугураак маалымат алуу үчүн:📞📞 0706 07 1001 0555 003045